Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 биринчи эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсү.

2026-жылдын 4-6-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы «Газпром» спорттук комплексинин Кичи аренасында биринчи эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсү - Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин төртүнчү кеңешмесине байланыштуу уюштурулду.

Көргөзмөгө ШКУга мүчө өлкөлөрдөн жана башка мамлекеттерден мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, өнөр жай ишканалары, инвесторлор жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү да барышты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучулар ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери, заманбап технологиялар, инновациялык иштеп чыгуулар жана өнөр жай менен соода тармактарындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары менен таанышты.

Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, өнөр жай тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана ата мекендик продукцияны тышкы рынокторго илгерилетүү үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп калды. Көргөзмөнүн өткөрүлүшү ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.