Тарыхый окуя: Кыргызстан менен Кытай өлкөбүздүн түштүгүндө жаңы аба чекитин ачышты

20-августта Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы Нарын облусунун аймагында жаңы аба чекитин (аба өткөрмө пунктун) ачуу боюнча келишимге кол коюшту.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын Караколдун аймагында иштеп жаткан аба «өткөрмө пункту» бар. Эми болсо Нарындын түштүгүндө дагы бир жаңы чекит ачылууда. Жөнөкөй түшүнүк менен айтканда, бул – жүргүнчү жана жүк ташуучу учактар өтө ала турган аба чек ара десек болот.

Бул долбоордун негизги максаты – учуулардын коопсуздугун жогорулатуу. Нарындын аймагындагы тоолор Караколго салыштырмалуу төмөнүрөөк болгондуктан, учуу багыттары кыскарат, ыңгайлуу жана коопсуз болот. Жаңы чекит биздин өлкө аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга учуп өтүүчү каттамдарды ачат жана Кытайдын ири аймагын – Кашкар, Үрүмчү жана башка шаарларды – Кыргызстан менен туташтырат. Бул жүргүнчү каттамдарына да, жүк ташууга да мүмкүнчүлүк түзүп, чыгымдарды азайтып, учуу убактысын кыскартат.

Жаңы чекиттин ачылышы өз алдынча чечим эмес, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен ишке ашып жаткан чоң стратегиялык долбоордун бир бөлүгү. Бул «Аба Жибек жолу» концепциясына дал келет жана кеңири инфраструктуралык демилгелер менен параллелдүү өнүгүүдө:
 
  • Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу,
  • Жалал-Абад шаарында жаңы заманбап аэропорттун курулушу,
  • эл аралык аба каттамдарынын кеңейиши.

Келечекте дал ушул Жалал-Абад маанилүү транзиттик түйүнгө айланышы мүмкүн: бул жерге Кытайдан жүк ташуучу учактар тез эле келип, жүктөрүн түшүрүп, андан ары Европага чейин уланта алышат – Кыргызстан «кара тизмеден» чыккандан кийин.

Келишимге кол коюлгандан мурда чоң иштер аткарылды: кыргыз жана кытай тараптан аэронавигациялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Beechcraft-360 учагы менен маршрут бир нече жолу айланып өтүлүп, радиобайланыш жана радиолокациялык камтуу текшерилди. Ошондой эле ушул сыяктуу текшерүүлөрдү Кытайдын адистери да жүргүзүшкөн.

Дал ушул изилдөөлөрдүн негизинде Кытай тарап расмий кат жөнөтүп, жаңы чекит ушул жылдын октябрында иштей баштай турганын тастыктады.

Ошентип, Нарындын аймагындагы жаңы аба чекитинин ачылышы – учууларды коопсуз, кыска жана пайдалуу кылган, жүргүнчү жана жүк ташуучу аба каттамдары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн, өлкөнүн экономикасын чыңдаган жана анын транзиттик потенциалын жогорулаткан кадам болуп саналат.