Кыргыз Республикасынын Конституция күнү кут болсун!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

1993-жылдын 5-майы — мамлекетибиздин тарыхындагы өзгөчө маанилүү күн. Бул күнү Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, эгемендүүлүгүбүздүн, мыйзам үстөмдүгүнүн жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоонун негизги багыттары аныкталган.

Конституция — бул биздин мамлекеттин туруктуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы. Биз бүгүн да анын принциптерине таянып, күчтүү жана адилеттүү мамлекетти куруу жолунда иш-аракеттерди улантып келебиз.

Жарандык авиация тармагы да өз салымын кошуп, өлкө ичиндеги жана тышындагы байланыштарды чыңдоого, коопсуз жана заманбап аба каттамдарын камсыз кылууга багытталган ишин улантууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын жүрөгүндө сыймык жана ишеним жаратып, келечекке болгон үмүттү бекемдесин!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм!

Урматтоо менен,
Бостонов Данияр Куватбекович
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору