Бишкек шаарынын күнүнө карата

Бүгүн, 29-апрель күнү , биздин сүйүктүү борборубуз — Бишкек шаары өзүнүн 147-туулган күндүк мааракесин белгилөөдө!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги борбор калаабыздын тургундарын жана конокторун Бишкек шаарынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Бишкек — бул биздин Ата Мекенибиздин жүрөгү, эркиндиктин жана өсүп-өнүгүүнүн символу. Бул сонун майрам бизге борборубуздун баатырдык тарыхын жана жаркын келечегин эске салат. Бишкекти бүгүнкүдөй заманбап, кооз жана ыңгайлуу кылууга өз салымын кошуп жаткан ар бир адамдын эмгеги, таланты жана сүйүүсү зор.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан борборубуздун өнүгүүсүнө салым кошкон бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирем. Ар бир борбор калаабыздын тургунуна - бекем ден соолук, бакубат жашоо жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

Бишкек шаары ар дайым мүмкүнчүлүктөрдүн, шыктын жана жаратуучулуктун шаары болуп кала берсин!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору,
Бостонов Данияр Куватбекович