2026-жылдын 28-29-май күндөрү Астана шаарында (Казакстан Республикасы) V Евразиялык экономикалык форум болуп өттү. Форумга дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн болжол менен 3 000 катышуучу катышып, ал евразиялык мейкиндиктеги экономикалык интеграция, санариптик трансформация жана транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоочу алдыңкы эл аралык аянтчалардын бири экендигин дагы бир жолу тастыктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө транспорттук-логистикалык тармакты санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин катышуусунда өткөн «Транспорт жана логистика тармагындагы санариптик чечимдер» аттуу панелдик сессияда санариптик платформаларды, интеллектуалдык транспорттук системаларды, жасалма интеллект технологияларын жана транспорт комплексинин натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган башка заманбап инструменттерди киргизүүнүн келечеги каралды.
Жарандык авиация тармагы үчүн бул багыттар артыкчылыктуу мааниге ээ. Санариптик трансформация учуулардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга, мамлекеттик жөнгө салуу процесстерин оптималдаштырууга жана авиация тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу алдыңкы чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүүгө, кесиптик билим жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Алынган жыйынтыктар жана тажрыйбалар Кыргыз Республикасынын авиация тармагын мындан ары өркүндөтүүдө жана өнүктүрүүдө, эл аралык стандарттарды жана заманбап тенденцияларды эске алуу менен пайдаланылышы мүмкүн.