Санариптик технологиялар жана учуулардын коопсуздугу: Бишкекте авиациялык метеорология боюнча семинар өтүүдө

18-майдан 21-майга чейин Бишкекте OPMET маалыматтары боюнча регионалдык борборлор (ROC) менен улуттук борборлордун (NOC) ортосундагы ыкчам өз ара аракеттенүү, анын ичинде IWXXM форматында метеорологиялык маалымат алмашуу боюнча семинар өтүүдө. Иш-чаранын алкагында КМШ өлкөлөрү үчүн ВМОнун 4-Жумушчу тобунун жана ICAO PT/EAST/24 METG EASPG биргелешкен жыйыны да өткөрүлүүдө.

Семинарга 8 өлкөдөн 45 катышуучу чогулду. Алардын арасында авиациялык администрациялардын өкүлдөрү, аэронавигациялык жана метеорологиялык тейлөө көрсөтүүчүлөр, ICAO жана ВМО эксперттери, ошондой эле авиациялык метеорологиянын регионалдык борборлорунун адистери бар. Бул иш-чара тажрыйба алмашуу, актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо жана авиациялык метеорология тармагындагы эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Жолугушуулар жана техникалык сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар авиациялык метеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо жана метеорологиялык маалымат алмашууну санариптик трансформациялоо менен байланышкан кеңири маселелерди карашууда. ӨзгөчөROC менен NOC ортосундагы ыкчам өз ара аракеттенүүгө, IWXXM форматын киргизүү жана тажрыйбалык колдонууга, ошондой эле ICAO жана ВМОнун эл аралык стандарттарына ылайык авиациялык метеорологиялык маалымат алмашуу процесстерин шайкеш келтирүүгө көңүл бурулууда.

Программанын алкагында ICAOнун 3-тиркемесиндеги жана жаңы PANS-MET жоболорундагы жаңыртуулар, SWIM системасын өнүктүрүү, авиациялык метеорология кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы жана компетенттүүлүгүн колдоо маселелери, SIGMET билдирүүлөрүн чыгарууну координациялоо, радиолокациялык метеорологиялык маалыматтарды колдонуу, булут технологияларын жана заманбап санариптик платформаларды пайдалануу, ошондой эле аба ырайын сандык моделдөөнү өнүктүрүү аркылуу болжолдоонун сапатын жогорулатуу жана учуулардын коопсуздугун камсыздоо маселелери да талкууланууда.

Катышуучулар заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жана метеорологиялык маалыматтарды эл аралык алмашуу механизмдерин өркүндөтүү аэронавигациялык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана эл аралык учуулардын коопсуздугун камсыздоодо негизги мааниге ээ экенин белгилешүүдө.

Бул иш-чаранын өткөрүлүшү аймактагы мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин тастыктап, ICAO, ВМО жана бардык өнөктөштөрдүн авиациялык метеорологияны чыңдоого, регионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө жана авиациялык метеорологиялык маалымат алмашуу системаларын эл аралык талаптарга жана заманбап технологиялык тенденцияларга ылайык өркүндөтүүгө көрсөткөн колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.