Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын инспекторлору Нидерландда EASA стандарттары боюнча окуудан өтүштү.

2026-жылдын 13–15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору Нидерланддагы JAA TO окуу борборунун базасында өткөн EASA Air Operations for Helicopters программасы боюнча адистештирилген окуу курсуна катышышты.

Бул курс Европалык авиация коопсуздугу агенттиги тарабынан белгиленген эл аралык стандарттар жана талаптар жаатындагы билимдерди тереңдетүүгө, ошондой эле тик учактарды эксплуатациялоону көзөмөлдөө багытында тажрыйбалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Окутуунун алкагында катышуучулар учуу коопсуздугун камсыздоонун актуалдуу маселелерин, жөнгө салуунун алдыңкы тажрыйбаларын киргизүүнү жана инспекциялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун карап чыгышты.

Мындай эл аралык окуу программаларына катышуу адистердин квалификациясын жогорулатууда, институционалдык потенциалды бекемдөөдө жана жарандык авиациянын улуттук системасын эл аралык стандарттарга, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун сунуштарына шайкеш келтирүүдө маанилүү роль ойнойт.

Туруктуу окутуу, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашуу жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү биздин кесиптик ишмердүүлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын авиация тармагын мындан ары өнүктүрүүгө, учуу коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык авиация коомчулугунун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.