Жолугушууда жарандык авиация тармагындагы өз ара кесиптик кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер талкууланып, мындан аркы иштиктүү кызматташуунун негизги багыттары аныкталды. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик көзөмөлдүн уюштуруучулук механизмдерин бекемдөө, анын ичинде инспекциялоо жана тастыктамалоо жол-жоболорун жаңылоо, ошондой эле инспекторлордун квалификациясын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча тизмесинде Кыргыз Республикасынын орун алышы маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Агенттиктин директору Кыргыз Республикасын аталган тизмеден чыгаруу процессинин жүрүшү, Кыргыз Республикасында тастыкталган авиакомпанияларга карата коюлган чектөөлөр, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле учурда Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин жана башка ченемдик укуктук актылардын жаңыланган талаптарына шайкеш келтирүү максатында бардык аба транспортунун эксплуатациялоочуларын кайра тастыктамалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Тараптар авиация тармагында Европа өлкөлөрү менен эки тараптуу кесиптик кызматташууну өнүктүрүүнүн, анын ичинде учуу коопсуздугу боюнча тажрыйба жана техникалык маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан тышкары, Агенттик аэронавигация жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жана учуу коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында Европанын аба навигациясынын коопсуздугу боюнча уюму (Евроконтроль) менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин Өкүлчүлүгүнүн элчиси Реми Дюфло катышты.