Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасында ченем жаратуучулук ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу темасында эки күндүк окутууга катышышты.
Окутуунун жүрүшүндө ченемдик укуктук актыларды даярдоонун заманбап ыкмалары, укуктук экспертизанын өзгөчөлүктөрү, долбоорлорду макулдашуу жана кабыл алуу тартиби, ошондой эле көп кездешкен каталар жана аларды жоюу жолдору кеңири түшүндүрүлдү. Ченем жаратуучулук процессинин практикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулуп, катышуучуларга укуктук документтерди иштеп чыгуу боюнча кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана иш жүзүндөгү көндүмдөрүн чыңдоого мүмкүнчүлүк берди.
Окутуу аяктагандан кийин бардык катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды. Алынган билимдер жана методикалык сунуштар Мамлекеттик агенттиктин ченем жаратуучулук ишинин сапатын жогорулатууга жана ички процесстерди өркүндөтүүгө олуттуу жардам көрсөтөт.