Самарканддагы жыйналыштын жыйынтыгы: ИКАО аудитине жана заманбап технологияларга басым.

2026-жылдын 8-апрелинен 11-апрелине чейин Самарканд шаарында Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн авиациялык коопсуздук боюнча Координациялык тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйынга аймактагы мамлекеттердин авиациялык администрацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле авиация тармагынын уюмдары жана операторлору катышты.

Негизги көңүл ИКАОнун авиациялык коопсуздук боюнча аудитине даярдык көрүү жана аны ийгиликтүү өтүү маселелерине бурулду. Кыргыз Республикасы авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү коркунучтарды жана тобокелдиктерди баалоо боюнча өз тажрыйбасын сунуштады. Сунушталган ыкмалар тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу жана практикага багытталган инструменти катары жогору бааланды.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле текшерүүнүн заманбап технологияларын киргизүү маселелери талкууланды. Алардын ичинде жасалма интеллектти колдонуу, адам факторунун таасири, аэропорттордо корпоративдик сапаттык көзөмөл, ошондой эле жүк, почта жана борттук камдоо (запастар) коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Мындан тышкары, кадрларды даярдоо жана окутуу системаларын өнүктүрүү, анын ичинде текшерүү операторлорун баалоонун заманбап ыкмалары жана коопсуздук чараларын өз ара таануу ыкмалары талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылга Координациялык топтун Төрагасы жана Төраганын орун басары кайра шайланды - тиешелүүлүгүнө жараша Грузия жана Өзбекстан. Белгилей кетсек, 2025-жылы Координациялык топту Кыргызстан жетектеген.