2026-жылдын 3–10-январь күндөрү Бишкек шаарында футзал боюнча «Наристе-2026» аттуу салтка айланган эл аралык турнир болуп өттү. Бул мелдеш мамлекеттик кызматкерлердин жана ардагер спортчулардын арасында футзалды жайылтуу максатын көздөйт. Турнир Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда, ошондой эле борбор калаанын башка спорт аянтчаларында өткөрүлдү.
Аталган абройлуу мелдешке Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын командалары катышты. Аталган турнирде сегиз тайпада уюштурулуп, жарандык жана күч түзүмдөрү өз-өзүнчө, ошондой эле ардагерлер 35+, 40+, 45+, 50+, 55+ жана 60+ жаш курактык категориялар боюнча күч сынашты.
Топтук этапта командалар «ар ким ар ким менен» системасы боюнча ойноп, андан соң мыктылар плей-офф баскычында финалга чейин күрөштү улантышты. Регламентке ылайык, ар бир оюнчу бир гана команда үчүн ойноого укуктуу болду, мамлекеттик органдардын командалары гана бул эрежеден тышкары каралды.
Турнирдин жүрүшүндө күйөрмандардын жана адистердин өзгөчө көңүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасына бурулду. Команда мелдештин бардык баскычтарында жогорку даярдыкты, оюндагы ынтымакты жана чыныгы мүнөздү көрсөтө алды.
Жарым финалда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасы курч таймашта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин командасын жеңип чыкты. Белгилей кетсек, акыркы команда кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясынын командасын утуп, турнирдин үчүнчү орунун ээледи.
Финалдык беттеште Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасы мурда борбор калаанын мэриясынын командасын жеңген Мамлекеттик салык кызматынын командасы менен беттешти.
Финалдык оюн турнирдин чыныгы көркү болуп, анда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасы жеңишке жетип, мамлекеттик органдардын арасында эң мыкты команда катары таанылды.
«Наристе-2026» турнириндеги бул жеңиш жарандык авиация тармагынын өкүлдөрү өз кесибинде гана эмес, спорт аянтчасында да биримдиктүү, күчтүү команда экенин дагы бир ирет далилдеди.