2025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Агенттиктин директору Бостонов Данияр Куватбекович менен Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Фай мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
Конструктивдүү диалогдун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашып, Кыргызстан менен Франциянын авиациялык органдарынын ортосунда техникалык Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле, авиадиспетчерлер үчүн атайын окуу программаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жарандык авиация агенттигинин директору башка өлкөлөрдүн тийиштүү мекемелери менен кызматташуунун оң тажрыйбасын эске алуу менен, француз тарап менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана эки өлкөнүн авиациялык органдарынын ортосунда техникалык Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароого кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул келишим эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.