Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2025-жылдагы учуулардын коопсуздугунун жыйынтыктарын жана Европа комиссиясынын миссиясына даярдык маселелерин талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Кыргызстан аэропорттору» ААК, «Кыргызаэронавигация» МИнын жана авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө шайкештикти жана учуулардын коопсуздугун мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы Нуркан Турумбеков 2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы учуулардын коопсуздугунун абалы боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын сунуштады. Анда коопсуздуктун негизги көрсөткүчтөрү, авиациялык окуялардын талдоосу жана аныкталган тобокелдик факторлору баяндалып, учуулардын коопсуздугун мындан ары жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, катышуучулар Кыргыз Республикасын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен (EU Air Safety List) чыгаруу маселесин кароонун алкагында пландаштырылган Европа комиссиясынын баалоо миссиясына даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Белгиленгендей, бул миссия жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды баалоонун маанилүү этабы болуп эсептелет.