Аймактык Авиациянын Жанданышы: Нарын Жана Казарман Аэропорттору Расмий Ачылды
Аймактык авиациянын жанданышы: Нарын жана Казарман аэропорттору расмий ачылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жаңыланган Нарын аэропортунун, ошондой эле Казарман аэропортунун салтанаттуу ачылышы болду. Президент бул объекттердин ишке кириши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору калыбына келтирилип, иштеп жатканын белгиледи.
Нарын жана Казарман аэропорттору узак тыныгуудан кийин капиталдык реконструкциядан өттү. Нарын шаарындагы аэропорттун жаңы терминалы заманбап жабдуулар менен жабдылып, жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу тейлөөгө ылайыкталган. Аэропорттордо коопсуз жана ишенимдүү аба ташууну камсыз кылуу үчүн бардык зарыл нерселер бар.
Аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртып, облустун тургундары жана коноктору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан Бишкек-Нарын-Бишкек авиакаттамынын кайра жанданышы өзгөчө окуя болду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги өлкөнүн Президентине жана Өкмөтүнө авиацияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү стратегиялык демилгелерди колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.