Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар стратегиялык кызматташтыктын келечегин, аба кемелер паркын жаңылоо маселелерин, Эл аралык жарандык авиация уюмунун EASAнын алдыдагы аудиттерине даярдыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кадрдык потенциалын жана авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл аба кемелерин лизингге алуу, MRO (Maintenance repair organization ) багытын өнүктүрүү, жүк ташууларды кеңейтүү жана аба кыймылын башкаруу (ATC) системасын өркүндөтүү маселелерине бурулду. Ошондой эле каттамдардын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын мындан ары чыңдоо келечеги каралды.
Airbus компаниясынын өкүлдөрү авиация адистерин даярдоо жана тренажёрдук базаны өнүктүрүү жаатында мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин тастыктап, мындан аркы иштиктүү өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишти.
Airbus менен кызматташтык Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын модернизациялоого жана тармакты ырааттуу өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.