Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин (Мындан ары - Мамлекеттик агенттик) кызматкерлери Сапатты башкаруу системасы (Quality Management System, QMS) боюнча окуудан өтүштү.
Жарандык авиация тармагындагы институционалдык потенциалды мындан ары чыңдоо жана сапатты башкаруу системасын өркүндөтүү максатында Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Дүйнөлүк банктын гранттык колдоосу менен уюштурулган Сапатты башкаруу системасы (Quality Management System - QMS) боюнча адистештирилген окуу курсуна катышышты.
Окутууну Kuwait Aviation Technology College окуу жайынын инженер-консультанты жана окутуучусу Samy Abdelhakim Afify Barrin өткөрдү. Окуу курсунун жүрүшүндө катышуучулар жарандык авиация тармагында сапатты башкаруу системаларын ишке киргизүү, натыйжалуу колдонуу жана үзгүлтүксүз өркүндөтүү боюнча эл аралык принциптер жана алдыңкы тажрыйбалар менен таанышышты.
Окутууда тобокелдиктерге багытталган башкаруу ыкмасына, ички аудиттерди жүргүзүүгө, процесстерди документтештирүүгө, уюмдардын ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жакшыртууга, ошондой эле жарандык авиация тармагындагы эл аралык талаптарга жана сунушталган тажрыйбаларга ылайык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Аталган окуу тармактын адистеринин кесиптик потенциалын жогорулатууга жана улуттук сапатты башкаруу системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө олуттуу салым кошту. Алынган билимдер жана тажрыйбалык көндүмдөр учуулардын коопсуздугун камсыздоо механизмдерин чыңдоого, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле улуттук тажрыйбаларды эл аралык стандарттарга жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларга мындан ары жакындатууга өбөлгө түзөт.