Кыргыз авиация институтунда өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу маселелери боюнча лекция өттү.

2026-жылдын 11-июнунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган «Эбола жана хантавирус» темасындагы окуу лекциясы өткөрүлдү.

Лекцияны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун адистери алып барышты. Иш-чарага аэропорттордун, авиакомпаниялардын, авиациялык медициналык бөлүмдөрдүн, аэронавигациялык ишканалард  ын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар Бундибуджио вирусу (Эбола вирусунун бир түрү) пайда кылган оорулар жана хантавирус инфекциясы тууралуу актуалдуу маалыматтар, алардын белгилери, жугуу жолдору, алдын алуу чаралары жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал менен таанышышты.

Иш-чара авиация тармагынын адистеринин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын жайылышынын алдын алууга багытталган.