Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Афины шаарында өткөн ICAO Civil Aviation Master Planning (CAMP) Workshop эл аралык семинарына катышты.

 

     2026-жылдын 4 - 6-май  күндөрү Афины шаарында жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн мастер-пландарын иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларына арналган ICAO Civil Aviation Master Planning (CAMP) Workshop эл аралык семинары болуп өттү.

      Иш-чара Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан Грециянын авиациялык бийликтери менен биргеликте уюштурулду. Семинар Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн авиациялык администрацияларынын өкүлдөрүн жана эл аралык эксперттерди бириктирди. Катышуучулардын катарында ИКАОнун жетекчилиги жана өкүлдөрү, анын ичинде ИКАОнун Европа жана Түндүк Атлантика бюросунун регионалдык директору Nicolas Rallo, ошондой эле Греция, Италия, Австрия, Молдова, Кыргызстан, Казакстан жана аймактагы башка мамлекеттердин делегациялары болду.

       Талкуунун негизги багыты авиация тармагын узак мөөнөттүү пландаштыруу жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналды. Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча эл аралык тажрыйбаны карап чыгышты:

  • аэропорттордун мастер-пландарын иштеп чыгуу; 
  • аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдү өнүктүрүүнүн мастер-пландарын даярдоо; 
  • авиациялык бийликтерди институционалдык өнүктүрүү программалары; 
  • авиациялык инфраструктураны каржылоо механизмдери; 
  • авиация секторунун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу инструменттери. 

      Ошондой эле тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык пландары менен жарандык авиациянын мастер-пландарынын  ортосундагы айырмачылыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө мындай мастер-пландар авиациялык инфраструктураны системалуу өнүктүрүүнүн жана тармакты натыйжалуу башкаруунун маанилүү куралы катары каралууда.