2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы жана Европа комиссиясынын авиациялык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Питер Соренсен менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга ошондой эле Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло катышты.
Талкуулардын жүрүшүндө Европа комиссиясынын өкүлү бул сапар өлкөнүн авиация тармагын баалоонун маанилүү этабы экенин белгиледи. Акыркы чечим ушул жылдын май айында Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук комитетинин жыйынында кабыл алынары күтүлүүдө.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Питер Соренсен Кыргызстандын жетишкен ийгиликтерине оң баа берип, европалык тарап кыска убакыттын ичинде жетишилген жыйынтыктарды жогору баалай турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Адылбек Касымалиев авиация тармагы туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. 2025-жылы жүргүнчүлөр агымы 6 миллиондон ашкан, ал эми каттамдардын саны 2021-жылдагы 34 000ден 52 000ге чейин өскөн. Мындан тышкары, өлкөдөгү бардык 11 аэропорт модернизациядан өткөн.
Бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарандык авиация мамлекеттик агенттигин түзүү демилгесинин аркасында мүмкүн болду. Бул коопсуздукту көзөмөлдөөнүн заманбап мамлекеттик системасын түзүүгө жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарын ийгиликтүү киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле буга чейин эки Airbus A321 аба кемеси сатып алынганын, ал эми 2030-жылга чейин улуттук флотту лизинг негизинде дагы он учак менен кеңейтүү пландалып жатканын маалымдады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) алкагында өткөрүлгөн эки комплекстүү эл аралык аудиттен ийгиликтүү өттү. Алар авиациялык коопсуздукту (Safety) жана авиациялык коргоону (Security) камтыйт. Бул маанилүү жетишкендиктер өлкөнүн чоң прогресске жетишкенин жана авиация тармагындагы көзөмөлдү жогорку деңгээлде сактоого болгон бекем умтулуусун көрсөтөт.