2026-жылдын 3–10-январь күндөрү Бишкек шаарында мамлекеттик кызматкерлердин жана ардагер-спорт сүйүүчүлөрдүн арасында футзалды жайылтууга багытталган «Наристе-2026» аттуу салттуу эл аралык футзал турнири өттү. Мелдештер Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында, ошондой эле борбор калаанын башка спорт аянтчаларында уюштурулду.
Аталган абройлуу турнирге Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик түзүмдөрүнүн командалары катышты. Таймаштар сегиз тайпада өткөрүлдү: жарандык жана күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик органдары өз-өзүнчө, ошондой эле 35+, 40+, 45+, 50+, 55+ жана 60+ жаш курактагы ардагерлер арасында.
Тайпалык этапта командалар «ар ким ар ким менен» системасы боюнча ойношуп, андан кийин эң күчтүүлөр плей-офф баскычына өтүп, финалга чейин ат салышты. Регламентке ылайык, ар бир оюнчу бир гана команда үчүн ойноого укуктуу болуп, мамлекеттик органдардын командалары бул талаптан тышкары калды.
Көрүүчүлөрдүн жана адистердин өзгөчө көңүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасынын оюндарында болду. Турнирдин жүрүшүндө команда жогорку даярдыкты, оюндагы биримдикти жана чыныгы күрөшчүл мүнөздү көрсөтө алды.
Жарым финалда жарандык авиация командасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин командасын ишенимдүү жеңип, ал команда кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясынын командасын утуп, үчүнчү орунду ээледи. Ал эми финалда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасы буга чейин борбор калаанын мэриясын жеңген Мамлекеттик салык кызматынын командасы менен беттешти.
Финалдык оюн турнирдин эң көркөм жана кызыктуу учурларынын бири болуп, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин командасынын жеңиши менен аяктады. Натыйжада, команда мамлекеттик органдардын арасындагы эң мыкты команда катары татыктуу түрдө таанылды. «Наристе-2026» турнириндеги бул жеңиш жарандык авиация тармагынын өкүлдөрү өз кесибинин мыкты адистери гана болбостон, спорт аянтчасында да ынтымактуу жана күчтүү команда экенин дагы бир ирет далилдеди.