Бишкек-Ош багытындагы авиа билеттердин баасы боюнча маалымат тууралуу

Кыргыз Республикасынын жараны Жылдызкан Жолдошованын коомчулукта кеңири резонанс жараткан кайрылуусуна байланыштуу, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Бишкек-Ош каттамындагы авиа билеттердин баасын түзүү маселеси боюнча түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.

Биринчиден, Кыргыз Республикасындагы жарандык авиациясы рынок экономикасынын шартында иштеп жатканын белгилей кетүү керек. Авиакомпаниялар ар кандай факторлордун, анын ичинде суроо-талаптын, мезгилдүүлүктүн, сатып алуу убактысынын, тарифтик саясаттын, авиа күйүүчү майдын наркынын жана эксплуатациялык чыгымдардын негизинде авиа билеттердин баасын өз алдынча түзүшөт.

Кайрылууда айтылган, Hahn Air авиакомпаниясынын билеттери 11 000 сомдон жогору кымбаттыгына токтолсок, Hahn Air Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдарды аткарган авиакомпания эмес экенин тактап алуу зарыл. Бул авиа билеттеринин дүйнөлүк дистрибьютору катары иш алып барган эл аралык немис компаниясы. Ал башка авиакомпаниялардын атынан билеттерди эл аралык брондоо системалары аркылуу, негизинен туристтик агенттиктер үчүн сатат. Мындай билеттер, эреже катары, ийкемдүү шарттарга ээ - кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн, күндү өзгөртүүнү, жүктүн көлөмүн көбөйтүүнү камтыйт, ошондой эле агенттерден кошумча жыйымдарды жана комиссияларды камтышы мүмкүн. Ошондуктан Hahn Air аркылуу сатылган билеттердин баасы түз авиакомпаниялардын баасына караганда бир топ жогору жана Бишкек-Ош кыска каттамы боюнча билеттин реалдуу базар баасына дал келбейт.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош шаарларынын ортосунда туруктуу түз аба каттамдары ата мекендик авиакомпаниялар тарабынан аткарылууда. Ташуучулар калк менен активдүү маалыматтык иштерди жүргүзүп, авиакомпаниялардын расмий сайттары жана мобилдик тиркемелери аркылуу билеттерди түз сатып алууну сунуштап жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында авиабилеттерди сатып алуунун көптөгөн жолдору бар. Рынокто ар кандай онлайн кызматтар, мобилдик тиркемелер, туристтик агенттиктер жана авиакассалар бар, алар аркылуу жарандар сатып алуунун эң ыңгайлуу жолун эркин тандап алышат. Ошол эле учурда ар бир жаран авиакомпаниянын өзүнүн расмий сайтынан же мобилдик тиркемесинде түздөн-түз билет сатып алууга толук укуктуу. Бул ыкма негизинен арзаныраак болуп саналат, анткени ал үчүнчү тараптын сатуучулары колдоно ала турган ортомдук кошумчаларды жана комиссияларды кошпойт.

Тандоо жүргүнчүнүн өзүндө – авиакассанын, агенттиктин кызматтарынан пайдалануу же авиакомпаниядан түздөн-түз сатып алуу. Негизгиси - ашыкча төлөмдөрдү жокко чыгаруу үчүн маалымат жана сатып алуу каналын тандоого аң-сезимдүү мамиле кылуу. Мисалы, расмий каналдар аркылуу эрте брондогондо Бишкек-Ош каттамындагы билеттин баасы орто эсеп менен 3950 сомдон 4750 сомго чейин.

Авиабилеттердин баасы бир катар объективдүү себептерден улам жогорулашы мүмкүн, анын ичинде авиа күйүүчү майдын кымбатташы, валюта курсунун көтөрүлүшү, жогорку сезондо каттамдардын чектелген саны, суроо-талаптын жогору болушу, арзан тарифтердин тез тындырылышы. 

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Каракол, Талас, Нарын жана Казарман шаарларынын аэропорттору реконструкцияланып, аба кемелеринин паркы жаңыланууда, каттамдар тармагы кеңейүүдө, авиакомпаниялардын жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча иш-чаралар ишке ашырылууда.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги диалогго ачык жана жарандарга авиация чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө тиешелүү бардык маселелер жана суроолор боюнча так маалымат берүүгө дайым даяр. Биз жарандарды расмий булактар менен байланышууга жана эң ыңгайлуу жана ачык-айкын шарттарга ээ болуу үчүн авиа билеттерди сатып алуу үчүн түз каналдарды колдонууга чакырабыз.

Суроолор боюнча төмөнкү телефон номерине кайрылуу зарыл - 0312251620

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги