2025-жылдын 1-июнунан баштап 8-июнуна чейин Кыргызстанда Учкучтардын жана Авиаторлордун Ассоциацияланган Бирикмеси (AOPA Kyrgyzstan) тарабынан Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Кыргызстанда биринчи жолу жылдык Earthrounders жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдүн жээгинде өттү.
Earthrounders — дүйнө жүзү боюнча жеңил учактар менен учуп келген учкучтардын эл аралык коомчулугу. Кыргызстандагы жолугушуу 13-жолугушуу жана Борбор Азияда бул биринчи жолугушуу болду.
Иш-чарага АКШ, Улуу Британия, Германия, Аргентина, Литва, Швейцария, Папуа-Жаңы Гвинея жана башка өлкөлөрдөн учкучтар катышты. Алардын арасында атактуу учкучтар:
Равиндер Бансал (АКШ) - жеңил учак менен жер шарын айланып учкан биринчи этникалык индиялык адам болгон.
Мигель Анхель Кордилло (Аргентина) - дүйнө жүзү боюнча сапары учурунда Антарктиданын үстүнөн 20 сааттык тынымсыз учуу жасаган.
Кэрол Энн Каррат (АКШ) - бир моторлуу учак менен дүйнө жүзү боюнча учкан саналуу аялдардын бири.
Иш-чаранын уникалдуулугу - катышуучулардын айрымдары Кыргызстанга өздөрүнүн учактары жана тик учактары менен келишкени болуп саналат.
Кенешменин катышуучулары тажрыйбаларын ортого салышып, дүйнөнүн ар түрдүү райондорунда учуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл коопсуздук, маршруттарды пландаштыруу, спутниктик байланышты колдонуу жана навигация маселелерине бурулду.
Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча 461 бир моторлуу учак менен дүйнө жүзүн айланып өткөн учкуч белгилүү, алардын ичинде 431 эркек жана 32 аял. Бул тизмедеги Борбор Азиянын жалгыз өкүлү кыргызстандык Союзбек Салиев.
Кыргызстанда Earthrounders жыйынын өткөрүү өлкөнүн эл аралык авиация коомчулугундагы ролунун өсүп жатканын көрсөтүп, өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө түрткү берет.