Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Садыр Жапаров белгилегендей, азыркы тапта өлкөбүздө авиажүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу өсүшү менен ички жана эл аралык аба каттамдарына суроо-талаптар жогорулоонун үстүндө. Бул өлкө аймагында аэропортторлу кеңейтүү зарыл дегенди туюндурат.
Мамлекет башчы Кыргызстан 2006-жылдан бери кирген Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканын жана буга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен өткөнүн баса белгиледи.
Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. 1972-жылдан бери аэробекет имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси ачык. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүмү өсүп жаткан агымга туруштук бере албайт.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров жөн гана оңдоп-түзөбөй, нөлдөн баштап курула турган «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропорту жалпы Фергана өрөөнүндө логистика, соода, туризм жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын канааттануу менен белгиледи.