Брюссель, 2025-жылдын 2-майы — Кыргыз Республикасынын делегациясы Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун жетекчилиги астында Европалык комиссиянын алдында өлкөнүн авиация тармагын реформалоо боюнча эки жылдык иштердин жыйынтыгын ийгиликтүү коргоп чыкты. Бул аракеттер Европа Биримдигинин коопсуздук тизмесинен (кара тизмеден) чыгуу процесси алкагында жүргүзүлдү.
Жолугушуу Европа Биримдигинин Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча Башкы директоратында (DG MOVE) өтүп, анда Кыргыз Республикасынын учуулардын коопсуздугун камсыздоо, көзөмөл жана эл аралык стандарттарга шайкештик тармагындагы негизги жетишкендиктери талкууланды. Директораттын өкүлдөрү аткарылган иштерге оң баа беришти.
Европа Комиссиясына сунушталган негизги жетишкендиктер:
- Учуу коопсуздугун жогорулатуу жана мурда аныкталган бузууларды жоюу боюнча иш-чаралар планы толук аткарылды.
- Көзөмөл процедуралары жаңыланып, инспекторлордун квалификациясы жогорулады жана агенттиктин материалдык-техникалык базасы бекемделди.
- Нормативдик-укуктук база модернизацияланып, авиакомпаниялар менен аба кемелерин сертификаттоо тармагында европалык стандарттар менен шайкештикке жетишилди.
- Институционалдык потенциал жогорулады: каржылоо көбөйтүлүп, инспекторлордун эмгек шарттары жакшыртылды жана кадрлар системалуу окутулууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы Европа Комиссиясына техникалык отчетторду, мыйзамдык актыларды жана өлкөнүн Европа Биримдиги менен түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө даяр экендигин тастыктаган бардык тиешелүү документтерди тапшырды.
«Бүгүнкү күндө биз ишеним менен айта алабыз: Кыргыз Республикасынын авиация тармагы эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп берген деңгээлге жетти. Бул акыркы жылдардагы масштабдуу жана системалуу иштердин жыйынтыгы. Биз алдыга карай кыймылды улантабыз жана кабыл алынган реформалар Европа Биримдиги тарабынан биздин статусубузду акыркы карап чыгууга негиз түзөт деп ишенебиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостонов.
Өз кезегинде Европа Комиссиясы кыргыз тараптын ачык жана кесипкөй позициясына ыраазычылык билдирип, байкаларлык прогрессти жана конструктивдүү диалогду белгиледи.
Европа Биримдигинин комитетинин жыйынтыгы боюнча, ушул жылдын май айына пландалган жыйындын негизинде бул жолугушууга байланыштуу расмий баа жарыяланат.