Коопсуздукту жана шайкештикти мониторингдөө бөлүмү (КжШМ)

Бөлүмдүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдык актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо жана контролдоо;

  • Жарандык авиация чөйрөсүндөгү улуттук стандарттардын жаңы долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо жана контролдоо;

  • Жарандык авиация чөйрөсүндөгү колдонулуп жаткан улуттук стандарттарды Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарына жана сунушталган тажрыйбасына ылайык келтирүүнү координациялоо жана контролдоо;

  • ИКАОдон келип түшкөн түзөтүүлөрдү эсепке алуу жана аларды Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына) киргизүү боюнча чараларды көрүү;

  • Жарандык авиация агенттигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө үзгүлтүксүз ички аудиттерди жүргүзүү;

  • Агенттиктин башкаруу тутумунун, негизги процесстеринин жана тиешелүү жол-жоболорунун колдонулуучу улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин мониторинг жүргүзүү;

  • Шайкештик мониторингинин жыйынтыктарын Агенттиктин жетекчилигине сунуштоо, аныкталган шайкеш келбестиктерди жоюу жана алдын алуу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо;

  • Тастыктамалоо иш-чараларынын жүрүшүндө Мамлекеттик агенттиктин инспекторлорунун ишинин сапатын жана белгиленген талаптарга шайкештигин баалоо максатында текшерүүлөрдү жүргүзүү;
  • Учуу коопсуздугун мониторинг жүргүзүү жана башкаруу максатында, ошондой эле учуу коопсуздугунун абалын талдоо үчүн учуу коопсуздугу боюнча маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана колдоо;

  • Мониторинг жүргүзүү, коопсуздукту башкаруу, ошондой эле учуулардын коопсуздук абалына талдоо жүргүзүү максатында учуулардын коопсуздугу боюнча маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана колдоо;

  • Учуу коопсуздугунун тобокелдиктерин мамлекеттик деңгээлде башкарууга катышуу, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана аларды азайтуу боюнча чараларды киргизүү;

  • Эл аралык стандарттарга (ISO 9001) ылайык сапатты башкаруу тутумун иштеп чыгууга, киргизүүгө жана колдоого катышуу;

  • Учуу коопсуздугун камсыздоонун улуттук көрсөткүчтөрүнүн (SPI) аткарылышын мониторинг жүргүзүү жана аларга жетишүү боюнча аракеттерди координациялоо;

  • Улуттук коопсуздук максаттарына жетүү үчүн учуу коопсуздугу боюнча улуттук планда (мындан ары — УКБП) көрсөтүлгөн учуулардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча демилгелерди (SEI) даярдоо жана ишке ашыруу;

  • Тобокелдиктерди башкарууга негизделген ыкмаларды киргизүүнү кошо алганда, НПБПда каралган милдеттердин жана демилгелердин аткарылышын мониторинг жүргүзүү;

  • НПБПда көрсөтүлгөн стратегияларды ишке ашыруу максатында эл аралык жана регионалдык авиациялык уюмдар менен өз ара аракеттенүү.


 

Коопсуздукту жана шайкештикти мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы

Байланыш тел.: +996312252040